Post by VENDETTA on Sept 17, 2013 14:50:41 GMT
BAYRAK
ARMA
HARİTA
Бишкек
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаары болуп эсептелет. Бишкек шаары - саясий, экономикалык, илимий, административдик жана тарыхый-маданий борбор, республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органдары, чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан жер.
Чүй облусу
Администрациялык борбору Бишкек шаары болуп саналат. Чүй облусунун курамына 8 район кирет: Панфилов району, Жайыл району, Москва району, Сокулук району, Аламүдүн району, Чүй району, Ысык-Ата району жана Кемин району
Талас облусy
Администрациялык борбору Талас шаары болуп саналат. Талас облусунун курамына 4 район кирет: Бакай-Атай району, Кара-Буура району, Манас району жана Талас району.
Ысык-Көл облусу
Администрациялык борбору Каракол шаары болуп саналат. Ысык-Көл облусунун курамына 5 район кирет: Ак-Суу району, Жети-Өгүз району, Тоң району, Түп району жана Ысык-Көл району.
Нарын облусу
Администрациялык борбору Нарын шаары болуп саналат. Нарын облусунун курамына 5 район кирет: Ак-Талаа району, Ат-Башы району, Жумгал району, Кочкор району жана Нарын району.
Ош облусу
Администрациялык борбору Ош шаары болуп саналат. Ош облусунун курамына 7 район кирет: Алай району, Араван району, Кара-Кулжа району, Кара-Суу району, Ноокат району, Өзгөн району жана Чоң-Алай району.
Жалал-Абад облусу
Администрациялык борбору Жалал-Абад шаары болуп саналат. Жалал-Абад облусунун курамына 8 район кирет: Аксы району, Ала-Бука району, Базар-Коргон району, Ноокен району, Сузак району, Тогуз-Торо району, Токтогул району жана Чаткал району.
Баткен облусу
Администрациялык борбору Баткен шаары болуп саналат. Баткен облусунун курамына 3 район кирет: Баткен району, Кадамжай району жана Лейлек району.
Кыргызстандын географиясы
Кыргызстанда деңиз жок. Кыргызстандын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн тоолор ээлейт. Бийиктиги 7439 метрди түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери.
Кыргыстандын аймагы эки тоо системасынын айланасында жайгашкан. Аянты боюнча чоң түндүк-чыгыш бөлүгү Тянь-Шанга кирет. Түштүк-батыш тарабы Памир-Алай тоолоруна карайт. Кыргызстандын мамлекеттик чек аралары тоо кыркалары аркылуу өтөт.
Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 401 метр бийиктикте жайгашкан. Анын жарымынан көбүрөөгү 1000 метрден 3000 метрге чейин жана 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Тоо кыркалары аймактын төрттөн бир бөлүгүн ээлейт жана негизинен кеңдик тарапты карай бири-бирине жанаша узатасынан жайгашкан.
Чыгышта Тянь-Шандын негизги тоо кыркалары басымдуу тоо кыркасын түзүп, Меридиандык тоо кыркасынын районунда жакындашып кетет. Бул жерде Кытай, Казакстан чектешкен жерлерде Жеңиш чокусу (7439) жана Хан-Теңири (6995) көтөрүлөт.
Башкы орографикалык элементтер - Акшыйрак массиви, Көкшал тоо кыркасы, Те
Кыргыз Республикасынын аймагы батыштан чыгышка карай 900 чакырымга, ал эми түндүктөн түштүккө карай 410 чакырымга созулат. Кыргызстандын аянты 199,9 миң квадрат чакырым. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 метр, эң бийик жери - 7439 метр (Жеңиш чокусу), эң жапыс жери - 394 метр (республиканын түштүк-чыгыш аймагында). Кыргызстан - тоолуу өлкө. Республикада түстүү жана сейрек учурай турган металлдар, көмүр жана башка кен-байлыктар бар. Климаты континенталдуу. Дарыялары негизинен Сырдарыяга куят, анын башкы булагы - Нарын). Ысык-Көл, Соңкөл, Чатыркөл, Сарычелек сыяктуу кооз көлдөр бар.
Эгемендүү Кыргыз Республикасы
Президентти шайлоо жана мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндөгү Декларация 1990-ж. мартта СССР Эл депутаттарынын 3-съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген.Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн.Мыйзам чыгыруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн.СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж.б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген.1990-ж. 27-октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргызстандын тунгуч Президенти болуп шайланган.1990-ж. 15-декабрда Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган.1991-ж. 22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан.Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган. 1991-ж. 5-февралда республиканын борбор шаарынын тарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарына кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген. 1991-ж. 8-майда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен.1991-ж. 19-апрелде “Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган.Кыргызстандын көз каранды эместигин жарыялоо.КМШнын түзүлүшү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-ж. 31-августта “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган.Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12-октябрда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1991-ж. 20-октябрда Мамлекеттик коопсуздук жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы түзүлгөн. 1991-ж. 8-декабрда Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат.1991-ж. 21-декабрда Алматыда Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Тажикстан, Түркстан жана Өзбекстан КМШны түзүү келишимине кол коюшкан.25-декабрда [М.Горбачев] СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.